29.04.2020 12:16

11-майдан тартып жалпыга маалымдоо каражаттары толук кандуу иштей башташат

11-майдан тартып жалпыга маалымдоо каражаттары толук кандуу иштей башташат

Жалпыга маалымдоо каражаттары 11-майдан тарта өз иштерин толук кандуу уланта алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү өтүп жаткан маалымат жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коомчулуктун каалоосун эске алуу менен кабыл алынды.

“11-майдан тарта офистердин, редакциялардын, ЖМКнын бардык түрлөрүнүн студияларынын иштери жанданат. Буга чейин айрым ЖМКлар аралыктан иштеп келген. Биз ЖМКларды 11-майдан тарта өз ишмердүүлүгүн уланта турган кызматтардын тизмесине киргиздик”, — деди Асрандиев.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти.

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Күн мурун, 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.