12 бейтап оор абалда, тең жарымы кайра жандандыруу бөлүмүндө

12 бейтап оор абалда, тең жарымы кайра жандандыруу бөлүмүндө

Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 12 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 371 бейтап жатат.

“Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор болуп, анын алтоо жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 359 бейтаптын абалдары канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда», — деди ал.

Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына 506 киши чалдыкты. Ичинен 116сы медицина кызматкерлери.  

130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.