09.05.2020 16:43

121 миллион доллар. Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга дагы каражат бөлөт

121 миллион доллар. Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга дагы каражат бөлөт

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга кошумча чукул жардам үчүн 121,1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун сайтында кабарланды.  Каражат COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын-алууга жумшалмакчы. ЭВФтин аткаруу комитети Бишкекке кошумча көмөк көрсөтүү чечимин 8-майда бекитти.

Белгилей кетсек, бул пандемия шартында Эл аралык валюта фондунун Кыргызстанга бере турчу  экинчи жардамы.  31-мартта 120,9 млн.  АКШ доллары Борбордук казынанын эсебине түшкөн. Ошентип жалпысынан Эл аралык Валюта Фондунун жардамынын көлөмү болжол менен 241,8 миллион АКШ долларын түзөт.