13-май: Жаңы 7 учур катталды. 17 бейтап сакайып чыкты

13-май: Жаңы 7 учур катталды. 17 бейтап сакайып чыкты

Бүгүн, 13-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 7 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

  • Чуй облусу - 5
  • Ош облусу - 1
  • Нарын облусу – 1

Бир сутка ичинде 17 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

  • Бишкек ш. – 10
  • Баткен облусу – 4
  • Нарын облусу – 1
  • Жалал-Абад облусу – 2


Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Белгилей кетсек, бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок.

Жалпысынан Кыргызстанда 1044 киши бул илдетти жугузуп алышкан. Ичинен республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 189 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.