№17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун коронавируска кабылган дарыгерлеринин саны сегиз адамга жетти

№17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун коронавируска кабылган дарыгерлеринин саны сегиз адамга жетти

Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алгандардын саны сегизге жетти. Мындай маалыматты Бишкек мэриясы алдындагы саламаттыкты сактоо башкармалыгынан тастыкташты. Сегизинчи учур дарыгерден табылганы айтылат.

Белгилей кетсек, №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун төрт кызматкеринен коронавирус табылып,  17-апрелде дезинфекция иштерине жабылган. Андан соң дагы үч медиктен илдет аныкталган. Илдетке кабылгандардын арасынан бирөөнүн абалы оор.

20-апрелге карата жаңы 14 учур катталып, коронавирус жуктуруп алгандар саны 569 адамга жеткен.Алардын арасынан 140 адам медицина кызматкерлери. Ооруканадан 201 адам чыгарылып, жети адам көз жумган.   

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.