1-июндан тартып 250 бейтап заманбап диализ аппараттары менен бекер дарыланышат

1-июндан тартып  250 бейтап заманбап диализ аппараттары менен бекер  дарыланышат

Кыргызстанда мамлекеттик-менчик өнөктөштүк алкагында  диализ клиникаларын куруу долбоорун ишке ашырып жаткан Fresenius Medical Care компаниясынын жумушчу тобу Бишкек, Ош, Жала-Абаддагы мамлекеттик медициналык мекемелерди кыдырып чыкты.  Сапар максаты – компаниянын менчик клиникаларын курууга жана 2018-жылдын 1-июнунда өтчү бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги оорусу менен ооруган бейтаптардын көп бөлүгүн дарылоо маселесин Fresenius Medical Care жетекчилигине өткөрүп берүүгө даярдык көрүү.

Делегация Ош, Жалал-Абаддагы мамлекеттик ооруканаларды, андан сырткары Бишкектеги Улуттук госпиталды, Баланы жана энени коргоо улуттук борборун, Кардиология жана терапия борборлорун көрүп чыкты.

Fresenius Medical Care жана Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосундагы келишимдер боюнча ,
клиникалар курулуп бүткүчө 250дөн ашык бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен ооруган бейтап компания дарыгерлеринен дарыланып башташат. Биринчи этапта 2018-жылдын 1-июнунан тартып, Fresenius Medical Care адистери бейтаптарды мамлекеттик мекемелерде кабыл алып башташат.  Дарылоо жаңы жабдыктарда, компания тарабынан берилген материалдардын жардамы менен жүргүзүлөт.  Жаңы диализ борборлорунун ачылышы менен (Бишкекте –эки, Ошто- 1,Жалал-Абадда-1) бейтаптар курулган клиникаларда кабыл алынып баштайт.

Бул бейтаптарды компания бекер дарылайт. Ошондой эле,  Fresenius компанияга иштөөгө өткөн жергиликтүү медперсонал, дарыгерлер менен медайымдарды кошуп, дарылоонун сапаттуулугун камсыздоо максатында атайын окуудан өткөрөт. 

Эскерте кетсек, жумушчу топтун иш сапарына чейин Бишкекте 5-мартта Fresenius Medical Care Kyrgyzstan компаниясынын кеңсеси ачылган.

3 шаарда ачыла турган клиникалардын ишмердүүлүгү бөйрөк оорусу менен ооруган жарандарды дарылоо сапатын бир топ жогорулатат. Диализ борборлору 90 даана  «жасалма бөйрөк» (5008-серия)   заманбап аппараттары менен жабдылып, 500гө чейинки бейтапты каблы алууга шарт түзөт. Бул борборлордун ачылышы менен Кыргызстанда 110 кошумча жумушчу орун түзүлөт.