19.05.2020 16:31

1-июндан тартып экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрү жанданат

1-июндан тартып экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрү жанданат

1-июндан тартып санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрүн жандандыруунун максатка ылайыктуулугу байкалууда. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.

Ошол эле учурда, экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
  • балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;
  • интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
  • мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1243 кишиге жетти. Ичинен 898 бейтап ооруканадан чыгарылган.