29.04.2020 11:40

1-майдан тартып иштей турчулар өткөрмө кагаздарын алууга тийиш

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн кызматкерлерине өткөрмө кагаздары керек болот, алар 1312.tunduk.kg порталы аркылуу бекитилген тартипте комендатурадан берилет.

“Бул күндөрү комендатурага ири жүктөм туура келерин түшүнүп турабыз, ошондуктан электрондук форматта тариздөөгө керек болгон тизмелерди бизнес ассоциациядан сураш үчүн атайын мамлекеттик органдарды ишке тарттык. Ошондой эле комендатуранын операторлорунун ишин күчөтүүгө кошумча кызматкерлерди чакырдык жана, эгерде зарылдык жаралса, алар күнү-түнү иштешет”, – деп билдирди КР вице-премьер-министри Э.Асрандиев.

Республикалык штаб уруксат берилген тизмеге кирбеген ишмердүүлүктөрдө иштегендерди билдирме жибербөөгө чакырат.

 Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти.

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Күн мурун, 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.