23.04.2018 11:07

200 миң доллар пара менен кармалган Улан Чалбаев тергөө бүткүчө камакта болот

200 миң доллар пара менен кармалган Улан Чалбаев тергөө бүткүчө камакта болот

200 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн Башкы прокуратура кызматкери Улан Чалбаевдин баш коргоо чарасы аныкталды. Бул туурасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 21-апрелинде пара алуу фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында,  Башкы прокуратуранын Мамлекеттик айыптоолорду жана соттордо өкүлчүлүктөрдү колдоо боюнча башкармалыгынын  начальниги Чалбаев Уланга  КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-1-беренеси (Пара алуу) боюнча айыбы угузулду. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Чалбаев Уланга  карата тергөө аягына чейин Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө изоляторуна камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасын карады.

Тергөө жүрүп жатат.