18.05.2018 13:11

2017-жылы Кыргызстандан ЕАЭБ аймагына жөнөтүлгөн жашылча-жемиштин экспорту 157 млн долларды түздү

2017-жылы Кыргызстандан ЕАЭБ аймагына жөнөтүлгөн жашылча-жемиштин экспорту 157 млн долларды түздү

Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата Журт» фракциясында Өкмөттүн өлкөнүн айыл чарбасынын азыркы абалы жана аны өнүктүрүү программасы жөнүндө маалымат угулуп жатканда, депутат Умбеталы Кыдыралиев Евразия экономикалык бирлигинин 18 техникалык регламентин ишке ашыруунун жүрүшүнө кызыкты.

Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Нурбек Мурашевдин айтымында, Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБ курамына кирип жатканда, ЕАЭБдин 13 техрегламентин тезинен ишке ашыруу тапшырмасы берилген. «Казакстан бизге 8 лаборатория куруп бермек, бирок ал келишим ишке ашырылган жок. Ошондон улам, алардын курулушу 2018-жылдын бюджетине киргизилген», - деп, ал өткөн жылы ЕАЭБдин 8 регламенти күчүнө кирип, ал азыр иштеп жатканын кошумчалады.

Ушу тапта Бишкек жана Ош шаарларында эки ири лаборатория, ошондой эле Талас, Ысык-Көл облустарында чакан лабораториялар иштөөдө. «Базарларга жеке менчик лабораторияларды тартып, аларды аккредиттөө аракеттери көрүлүп жатат. Ал эми өздөрүнүн өндүргөн өнүмдөрүн маркировкалап таӊгактаган дыйкандарда аларды тастыктоо жаатында кыйынчылыктар деле жок. Ошондон улам, айыл чарба өнүмдөрүн ЕАЭБ аймагына экспорттоо үзгүлтүккө учурабайт деген ойдобуз», - деди ал.

Андан тышкары, буга чейин көбүнесе сүт азыктары экспорттолуп келсе, май айынан тарта жашылчалар жөнөтүлө баштаганы белгилүү болду. Мисалы, 2017-жылы жашылча-жемиштин экспорту 157 млн долларды түздү, анын ичинде 74 млн доллар көлөмүндөгү товар Казакстанга, калганы Орусияга жөнөтүлгөн.