15.05.2018 14:23

2017-жылы насыянын көп бөлүгү соода жана айыл чарба тармагына берилген

2017-жылы насыянын көп бөлүгү  соода жана айыл чарба тармагына берилген

Кыргызстандык коммерциялык банктары 2017-жыл ичинде 107, 9 млрд сом насыя берген. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитет билдирет. 

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, насыянын көп бөлүгү соодага жана айыл чарбага жумшоо үчүн алынган. Аларга банктар 31 миллиард жана 21 миллиард сом бөлгөн.

10 млрд сом ипотекага жана керектөөчүлүк насыяга берилген. Ошондой эле, коммерциялык банктар транспорт жана курулуш тармагына да каражат бөлүшкөн.