16.05.2020 09:00

Асрандиев: Кыргызстанга 243 миллион доллар  сырткы жардам келди

Асрандиев: Кыргызстанга 243 миллион доллар  сырткы жардам келди

Бүгүнкү күндө республикага 243 млн доллар сырткы жардам келип түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифингде билдирди. Анын айтымында каражат бюджеттин мыйзам менен көрсөтүлгөн чыгашаларына жумшалып жатат.

«Бүгүнкү күндө республикага 243 млн доллар сырткы жардам келди. Бул биздин өлкөгө келип түшкөн каражат деп айтсак болот. Мунун ичинен 120 млн доллар дүйнөлүк валюта фондунун биринчи траншы марттын аягында  келген. Ал сомго айландырганда 10,5 миллиард сом болду. Бул толугу менен бюджеттин мыйзам менен көрсөтүлгөн чыгашаларына жумшалды. Анын 4 миллиард сому бюджет жумушчуларынын айлык маяналарына жумшалган. 1,8 миллиард сому социалдык фондго которулган. 1,2 миллиард бул милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна сарпталды. Бир миллиардка жакын каражат жөлөк пулдарга которулган. Бул каражаттар 2020-жылга каралган чыгашаларга жумшалып жатат» - деди Асрандиев.

Ошондой эле дүйнөлүк  валюта фондунан дагы 120 миллион доллар  13-майда которулду. Бул каражатка финансы министри тие элек деп кошумчалады. Ошондой эле ар кандай булактардан коронавируска каршы күрөшүү максатында саламаттык сактоо линиясы боюнча гумжардам катары медициналык каражаттар, азык-түлүк жардам, тесттер жана башка жалпы 1,8 млн долларлык жардам келген.