15.05.2020 17:00

4 айдын ичинде эле бюджеттин кирешеси 10 млрд сомго чейин төмөндөгөн

4 айдын ичинде эле бюджеттин кирешеси 10 млрд сомго чейин төмөндөгөн

2020-жылдын 4 айында бюджеттин кирешеси пландалган суммадан 10 млрд сомго чейин төмөндөдү. Апрель айында эле төмөндөө 4,8 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, 1-майга карата Улуттук статкомдун маалыматы боюнча ИДП – 148 млрд сомду түзөт жана өткөн жылга салыштырганда 3,8%га төмөн.

“Буга байланыштуу биз өлкөнүн бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү киргиздик. Өткөн жумада бюджеттин долбоору парламентке киргизилди, ал 2020-жылдын аягына чейинки экономиканын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө негизделген. Алсак, базалык сценарий боюнча ИДПнын көлөмү 2020-жылдын аягында Экономика министрлигинин эсептөөлөрүнө карата өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 5,3%га аз болору пландалууда. Киреше бөлүгүнүн төмөндөшүнүн божомолу дээрлик минус 30 млрд сомду түздү”, - деди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр мунун баарына чек аралардын жабылышы жана товар алмашуунун төмөндөшү, ошондой эле бизнестин айрым түрлөрүнүн экономикалык ишмердүүлүгүнүн убактылуу токтошу таасирин тийгизген.

Алсак, импорттун 70%ы Кытай Эл Республикасынан келчү, бул бажы төлөмдөрүнө гана эмес, ошондой эле ички өндүрүшкө дагы таасирин тийгизүүдө, анткени чийки заттардын, материалдардын жана толуктоочу бөлүктөрдүн олуттуу түрү Кытайдан алынып келчү.

«Жалпысынан мамлекеттик бюджеттин чыгашалары дээрлик 10 млрд сомго кыскарды. Кыскартуулар, биринчи кезекте, ар түрдүү сатып алууларга, унаалык чыгашаларга, иш сапарларга тийиштүү болду. Ошондой эле капиталдык салымдар боюнча дагы кыскартуулар олуттуу болду. Бирок бюджеттин корголгон беренелери – айлык акылар, пенсиялар жана жөлөк пулдар баштапкы толук көлөмдө сакталган», - деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин корголгон беренелер боюнча бардык милдеттенмелер төлөндү жана андан ары дагы бул милдеттенмелерди планга ылайык аткаруу мерчемделген.

«Капиталдык салымдар боюнча суу менен камсыздоого жана ирригацияга, унаа жолдорун оӊдоо боюнча кээ бир бөлүктөр, санариптештирүү жана сот системасын реформалоого байланышкан айрым бөлүмдөр сакталды», - деди Эркин Асрандиев.