12.06.2018 13:50

2017-жылы өкмөттүн программаларынын аткарылышы 90,1 пайызды түзгөн

2017-жылы өкмөттүн программаларынын аткарылышы 90,1 пайызды түзгөн

«2017-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «Ишеним жана биримдик» жана «Жаңы доорго – кырк кадам» программаларынын аткарылышы 90,1 %ды түздү», - деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-июнда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишинин отчетун берүүнүн жүрүшүндө. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.  

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы негизги ишмердиги «Ишеним жана биримдик» программаларынын алкагында жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Бизнес жүргүзүү» индексинде биз эки позиция жоготуп, 75-орундан 77-орунга түштүк. Аны менен бирге 2017-жылы төмөнкү индекстер боюнча көрсөткүчтөр жакшырганы байкалган: «Төлөмгө жөндөмсүздүктү чечүү» - 11 позицияга жана «Насыяларды алуу» - 3 позицияга. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы экономикалык эркиндик рейтинги боюнча өзүнүн позицияларын жакшыртып – 89-орундан 78-орунга чыкты жана глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча 9 позицияга жакшырды. Индикатордун өсүшү макроэкономикалык туруктуулук жана финансылык рыноктун өнүгүшүнүн эсебинен камсыз кылынды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы 2017-жылы экономикалык өсүштүн оң динамикасы жана туруктуулугу негизги макроэкономикалык жыйынтык экенин белгиледи.

«2017-жылы экономикалык өсүү 4,6%ды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 %га ашты. Мында ИДП 521 млрд сомду түздү. Мындан тышкары ИДП калктын жан башына 8%га чейин өсүп, 1178ден 1272 АКШ долларына жетти. Экономикалык өсүү экономиканын бардык тармактарында камсыздалды, ал эми өнөр жайдагы чыныгы өсүү 11,5%ды түздү», - деп баса белгиледи премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.