20-май: Дагы 27 учур катталды. Көбү Нарында

20-май: Дагы 27 учур катталды. Көбү Нарында

Бүгүн, 20-майда республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 27 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлайт.

  • Бишкек ш. – 4
  • Чуй облусу - 1
  • Ош облусу - 2
  • Нарын облусу - 19
  • Ысык-Көл облусу – 1

Жалпысынан Кыргызстан боюнча коронавирус илдетине 1270 киши чалдыккан. Ичинен 910 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, ооруканада 346 адам жатат. 5 кишинин абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүндө.

Белгилей кетсек, коронавирустан өлкө боюнча 14 жаран көз жумган.