22.05.2020 10:04
22-май: Дагы 37 киши коронавирус илдетине чалдыгышты. Көбү Нарында
Бүгүн, 22-майда республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка караганда, ооруну жугузгандардын басымдуу бөлүгү Нарын облусунда катталган.
- Бишкек ш. – 6 + 3 Санкт-Петербургдан келгендер
- Чуй облусу - 1 Соль-Илецктен келгендерден
- Ош облусу - 6
- Нарын облусу – 21
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды. Ичинен 949 киши айыгып, ооруканадан чыгарылышкан. Ал эми ооруканаларда 387 бейтап жатышат. 4 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. Илдеттен 14 киши көз жумган.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: