22-май: Дагы 37 киши коронавирус илдетине чалдыгышты. Көбү Нарында

22-май: Дагы 37 киши коронавирус илдетине чалдыгышты. Көбү Нарында

Бүгүн, 22-майда республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, ооруну жугузгандардын басымдуу бөлүгү Нарын облусунда катталган.

  • Бишкек ш. – 6 + 3 Санкт-Петербургдан келгендер
  • Чуй облусу - 1 Соль-Илецктен келгендерден
  • Ош облусу - 6
  • Нарын облусу – 21

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды. Ичинен 949 киши айыгып, ооруканадан чыгарылышкан. Ал эми ооруканаларда 387 бейтап жатышат. 4 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. Илдеттен 14 киши көз жумган.