24-май: Дагы 38 киши коронавируска чалдыкты. Жарымынан көбү Нарында

24-май: Дагы 38 киши коронавируска чалдыкты. Жарымынан көбү Нарында

Бүгүн, 24-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, коронавирус илдетине чалдыккандардын эң көбү Нарын облусунда катталган.

  • Бишкек ш. – 5 + 1 Санкт-Петербург ш. келгендерден
  • Чуй облусу - 3 Соль-Илецк ш. келгендерден
  • Нарын облусу - 25
  • Ош облусу - 2
  • Жалал-Абад облусу - 1
  • Баткен облусу – 1

Учурда Кыргызстанда COVID-19 вирусуна 1403 киши чалдыккан. Ичинен 980ни айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Бейтапканаларда 409 жаран жатышат. 4нүн абалы оор, 14 киши илдеттен көз жумган.