27-апрель: Үч медицина кызматкеринен коронавирус табылды

27-апрель: Үч медицина кызматкеринен коронавирус табылды

Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу коронавтируска каршы күрөш боюнча Республикалык штаб кабарлады.

  • Бишкек шаарында – 2
  • Ош шаарында – 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 183 учур аныкталган.

Бүгүн, 27-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Республика боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 695 кишиге жетти. Бейтапканада 292 киши дарыланууда. Ичинен 7 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган. Оорудан 395 жаран сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 21.00 – 06.00гө чейин коменданттык саат жарыяланган.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.