27-май: Дагы 52 киши илдетке чалдыкты. Басымдуу бөлүгү Нарында

27-май: Дагы 52 киши илдетке чалдыкты. Басымдуу бөлүгү Нарында

Бүгүн, 27-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, акыркы күндөрү вирусту жугузгандар Нарын облусунда көп катталууда.

  • Бишкек ш. – 9 + 2 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен
  • Чуй облусу - 3 + 8 Соль-Илецктен келгендерден
  • Ош ш. – 7
  • Ош облусу - 2
  • Баткен облусу – 1
  • Жалал-Абад облусу – 3
  • Нарын облусу – 17

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

  • Бишкек ш. – 5
  • Ош облусунда – 7

Ошол эле маалда стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 299 учур аныкталган, алардын ичинен 243 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча жалпысынан бул илдет менен 1520 адам ооруп калышты. Алардын ичинен 1043ү сакайып, ооруканадан чыгарылган. Бейтапканада дагы 461 жаран дарыланышууда. 4 киши кайра жанжандыруу бөлүмүндө.

Эске салсак, өлкө боюнча коронавирустан 16 бейтап көз жумган.