28-апрель: 21 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

28-апрель: 21 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан 21 бейтап айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

  • Бишкек шаарында – 3 бейтап;
  • Нарын облусунда – 1 бейтап;
  • Жалал-Абал облусунда – 9 бейтап;
  • Баткен облусунда – 1 бейтап;
  • Ысык-Көл облусунда – 4 бейтап;
  • Ош облусунда – 1 бейтап;
  • Ош шаарында – 2 бейтап.

Учурда илдетке чалдыккандардын саны 708 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Алардын баары Нарын облусунда. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 185 учур катталды.

Белгилей кетсек, азыркы тапта бейтапканаларда 284 оорулуу дарыланууда. Алардын ичинен реанимацияда 6 киши жатат.

Ошол эле маалда 416 бейтап коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылса, 8 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.