28-май: Коронавируска чалдыккандардын жаңы 74 учуру катталды. Жалпы 1594 киши

28-май: Коронавируска чалдыккандардын жаңы 74 учуру катталды. Жалпы 1594 киши

Бүгүн, 28-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 74 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, басымдуу бөлүгү Ош шаарында катталган. Дээрлик 35 киши.

  • Бишкек ш. – 11 + 10 Россиядан келген курсанттарынан
  • Чуй облусу - 1
  • Ош ш. – 35
  • Ош облусу - 4
  • Нарын облусу - 13


Учурда республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1594 кишиге жетти. Ичинен 1066сы сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ооруканаларда 512 бейтап жатышат. 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. 16 киши коронавирус илдетинен каза табышкан.