29-апрель: Дагы 21 киши коронавирус жугузса, 21 бейтап илдеттен айыгып чыкты

29-апрель: Дагы 21 киши коронавирус жугузса, 21 бейтап илдеттен айыгып чыкты

Бүгүн, 29-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

  • Бишкек ш. – 13
  • Ош облусу - 1
  • Нарын облусу - 6
  • Баткен облусу – 1

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти.

Ал ортодо дагы 21 бейтап бир сутка ичинде илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылды.

  • Бишкек ш. – 9
  • Ош ш. – 3
  • Ош облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу - 3
  • Нарын облусу – 5

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Күн мурун, 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.