29-апрель: Дагы 6 медицина кызматкери ооруп калды

29-апрель: Дагы 6 медицина кызматкери ооруп калды

Дагы 6 медицина кызматкери коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.

Анын айтымында, муну менен COVID-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 191 адамга жетти.

Жаңы катталган медицина кызматкерлери:

  • Ош облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 3;
  • Бишкек шаарында – 2.

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 729 кишиге жетти.

Жалпысынан республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 437 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Күн мурун, 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.