2-май: Дагы 23 бейтап илдеттен сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

2-май: Дагы 23 бейтап илдеттен сакайып, үйлөрүнө чыгарылды

Бир сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт.

  • Бишкек ш. – 9
  • Ош облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу - 2
  • Нарын облусу – 11

Белгилей кетсек, илдеттен айыгып чыккан бейтаптардын саны Республика боюнча 527 киши болду.

Бүткүл өлкө боюнча короанвирус илдетине чалдыккандардын саны 769 кишиге жетти. Алардын ичинен 200 учур медицина кызматкерлери.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Ал эми 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга узартылган.