2-май: Жаңы 13 учур. Ичинен 2сү медицина кызматкерлери

2-май: Жаңы 13 учур. Ичинен 2сү медицина кызматкерлери

Бүгүн, 2-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

  • Бишкек ш. – 3
  • Ош ш. - 2
  • Ош облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу – 4
  • Баткен облусу - 2
  • Нарын облусу - 1

Ошол эле маалда бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

  • Жалал-Абад облусунда – 1
  • Ош шаарында – 1


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 200 учур катталды, алардын ичинен 122 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Бүткүл өлкө боюнча короанвирус илдетине чалдыккандардын саны 769 кишиге жетти.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Ал эми 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга узартылган.