12.06.2018 13:29

3 эм кыздын атасы: «Тукумубузда эгиз төрөлгөн учурлар жок болчу, ЭКО да кылдырган эмеспиз»

3 эм кыздын атасы: «Тукумубузда эгиз төрөлгөн учурлар жок болчу, ЭКО да кылдырган эмеспиз»

Өткөн жуманын башында жарыкка келген 3 эм кыз жакында ооруканадан чыгарылат. Бул туурасында April.kg кабарчысына кыздардын атасы Ажибек Жамурзаев билдирди.

Учурда эне кыздары менен Жал кичирайонундагы Эне-баланы коргоо Улуттук борборунда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Экөө 2 килограмм, бири 1 кг 960 грамм болуп төрөлгөн кыздар салмак кошуп, тыңыш үчүн жасалма сүт  менен тамактандырылып, глюкоза алышууда.

«Кыздарымдын абалы жакшы. Дарыгерлер 15-июнда ооруканадан чыгарабыз деп жатышат», -деди атасы. 

Эч кандай ЭКОсу жок эле, табигый жол менен 3 эм болуп жаралган кыздар 4-июнь күнү Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө жарыкка келишкен. Жаш үй-бүлөнүн буга чейин 6, 4, 2 жаштагы 3 кызы бар болчу. Эми дагы дароо 3 кыздуу болуп, кубанычыбызда чек жок дейт Ажибек Жамурзаев. 

«Таң кала турган жагдай, буга чейин мен тараптан да, келинчегим тараптан да 3 эм тургай, эгиз төрөлгөн учурлар болгон эмес», -деп билдирет Жамурзаев. 

Учурда 6 балага ата-эне болгон жаш үй-бүлө Кара-Балта шаарында ижарага алынган батирде турушат.