3-май: 37 бейтап илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылды

3-май: 37 бейтап илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылды

Бир сутка ичинде 37 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады. Ичинен:

  • Бишкек ш. – 21
  • Ош облусу - 1
  • Ош ш. - 6
  • Жалал-Абад облусу - 1
  • Баткен облусу - 2
  • Нарын облусу – 6

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бүгүн, 3-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 26 учур катталды. Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 795 кишиге жетти.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу чечими кабылданган.