3-май: Дагы 26 киши коронавирус илдетин жугузуп алды

3-май: Дагы 26 киши коронавирус илдетин жугузуп алды

Бүгүн, 3-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 26 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

  • Бишкек ш. – 14
  • Ош облусу - 2
  • Чуй облусу – 9
  • Баткен облусу - 1

Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 795 кишиге жетти.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу чечими кабылданган.