3-май: Медицина кызматкерлеринин арасынан дагы 7 киши илдетке чалдыкты

3-май: Медицина кызматкерлеринин арасынан дагы 7 киши илдетке чалдыкты

Бир сутка ичинде 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, Чүй облусунан 2, Бишкек шаарынан 5 медицина кызматкери ооруп калган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 207 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бүгүн, 3-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 26 учур катталды. Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 795 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу чечими кабылданган.