03.05.2018 09:56

50 кап бодо малдын терисин аткезчилик менен өлкөгө киргизүү аракетине бөгөөт коюлду

50 кап бодо малдын терисин аткезчилик менен өлкөгө киргизүү аракетине бөгөөт коюлду

Кечээ, 2-май күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Достук айылында кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик менен товар алып өтүү аракетине бөгөөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. 

Кыргызстан жараны  «Фольксваген» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Тажикстандан Кыргызстандын аймагына 50 кап бодо малдын терисин алып кирүүгө аракет кылган. Товардын жалпы наркы 100 миң сомдон ашык.

Кыргыз жаранынын жүктү алып өтүүгө керектүү документтери жок болгон. 

Тиешелүү кагаздарды толтурган соң, мыйзам бузган жаран жана аткезчилик менен алып келаткан жүк Бажы кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.