24.12.2019 09:33

6 жашар кыз өрт кырсыгынан каза тапты

6 жашар кыз өрт кырсыгынан каза тапты

Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында чыккан өрттөн 6 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, бөлмөдөгү терезе парда күйгөн. Кырсыктын келип чыгышына- электр жабдууларын туура эмес колдонуу себеп болгон.

Мурдараак тилсиз жоонун айынан Кант шаарында 51 жаштагы эркек киши каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун бөлмөсү өрттөнүп кеткен. Кырсыктын келип чыгышы такталууда.