28.04.2018 17:19

600 долларлык аттиштердин баяны

ЖЭБ десе эле элдер 600 долларлык аттишти эстемей болушту. Бирок, бул 600 америка акчасына бир гана аттиш эмес, ЖЭБдин ишине керектүү жабдуулардын топтому алынган. Бул тууралуу Кытайлык TBEA компаниясынын өкүлдөрү билдиришүүдө. April.kg чыгармачылык тобу көптөн бери коомдо чуу жараткан оңдоочу шаймандарды камерага түшүрүп келишти. Кабарчыларыбызга кытайлык инженерлер оңдоочу шаймандардын эки топтомун көрсөтүшүп, алардын кандай максатта колдонулаарын жана маанисин айтып беришти.