7-май: 24 жаран коронавирус илдетин жугузду. Үчөө медицина кызматкерлери

7-май: 24 жаран коронавирус илдетин жугузду. Үчөө медицина кызматкерлери

Бүгүн, 7-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 24 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

  • Бишкек ш. – 2
  • Чуй облусу - 4
  • Ош облусу - 3
  • Жалал-Абад облусу - 3
  • Нарын облусу – 12

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

  • Бишкек ш. – 1
  • Чүй облусунда – 1
  • Жалал-Абад облусунда – 1.


COVID-19 диагнозуна чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 224 кишиге жетти.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун 895 киши жуктуруп алган. Ичинен 637 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 12 жаран илдеттен көз жумду.

Учурда бейтапканада 246 адам даарыланып жатат. Ичинен 4 киши кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режими май айынын 10на чейин узартылган.