85 жаштагы кемпир коронавирус илдетин жеңип чыкты

85 жаштагы кемпир коронавирус илдетин жеңип чыкты

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда коронавирус жуктуруп алган 85 жаштагы кемпир ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бейтаптын айтуусуна караганда, оорунун эч кандай белгилери билинбей, жөтөл жана дене табынын жогорулашы байкалган эмес.

“Бейтап март айынын ортосунда кичи ажылыктан кайтып келген жарандардын катарында болгон. Бишкекке учуп келгенден кийин андан жана аны менен чогуу келгендерден ПЧР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы оң чыгып, 85 жаштагы кемпир стационарга жаткырылган”, - деп айтылат маалыматта.

Ажылыкта аны коштоп жүргөн келининин анализи таза чыккан, бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы обсервацияга жаткырылган.

«Учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары өздөрүн жакшы сезүүдө жана карантиндик чараларды так сактап жатат. Бүгүнкү күндө Ала-Бука районунда коронавирус жуктурган 13 бейтап бар, алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүүдө. Бактыга жараша, оор абалдагылар жок», – деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 26-апрелде республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 17 киши жуктурган. Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 682 кишиге жетти. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 180 учур катталды.

370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми стационарда 304 бейтап дарыланууда. 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирус жугузган 8 бейтап илдеттен көз жумушкан.

Эске салсак, Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.