8-май: Коронавирусту дагы 11 адам жуктурду. 2сү медицина кызматкерлери

8-май: Коронавирусту дагы 11 адам жуктурду. 2сү медицина кызматкерлери

Бүгүн, 8-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 11 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

  • Бишкек ш. – 5
  • Чуй облусу - 3
  • Жалал-Абад облусу – 3

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

  • Бишкек ш. – 1
  • Жалал-Абад облусунда – 1


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 226 учур катталды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19 вирусун 906 киши жуктурган. Ичинен 650сү илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. 244 бейтап ооруканада, 6 жарандын абалы оор, кайра жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирус илдетинен 12 жаран көз жумду.