9 бейтап оор абалда, бешөө кайра жандандыруу бөлүмүндө

9 бейтап оор абалда, бешөө кайра жандандыруу бөлүмүндө

Коронавируска чалдыккандардын ичинен 9 киши оор абалда. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка караганда, жалпысынан стационарда жайгашкан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны -290 ду түзөт.

Алардын тогузу оор абалда, алардын ичинен, 5 адам реанимацияда”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 11-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 339 кишиге жетти.  Ичинен 51и дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.