Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында Президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Сегизбаев Абдил Кеңешевич берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду.