24.09.2019 15:35

Абжалиевдин уулу катышкан жол кырсыгын тергөө аяктап калды

Абжалиевдин уулу катышкан жол кырсыгын тергөө аяктап калды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши ушул жуманын аягына чейин тергелип бүтөт. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышууда.

Маалыматка караганда, буга чейин кырсыкта жабыркагандардын биринин жакындары «доосу жок» экенин билдирген тосмо арыз жазып берген.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-июлунда саат 4:30 чамасында Чолпон-Атадан анча алыс эмес Бактуу-Долоноту айылында BMW Х7 үлгүсүндөгү жол тандабас Lexus менен кагышкан. BMW Х7 унаасынын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек  Абжалиевдин Бишкек шаардык кеңеште депутат болуп эмгектенген уулу Темирлан Токобеков болгон. Ал аман калган. Ал эми Lexus унаасындагы 4 киши каза тапкан.

Бул кырсыкка күнөөлүүлөрдү аныктоодо BMW Х7 унаасын ким башкарып баратканы талаш жараткан. ЖКККББ аны 24 жаштагы Х. Э., башкарып бараткан десе, каза тапкан балдардын туугандары депутат Темирлан Токобеков башкарып баратыптыр деген божомолдорун айтышкан. Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы экени маалым.