20.10.2018 14:22

"Ачык асман" долбоору авиабилеттерди арзандатабы?

"Ачык асман" долбоору авиабилеттерди арзандатабы?

Жөнөкөй жургүнчулөр үчун маалымат: өлкөнүн ичинде арзан учкуң келеби, билеттерди бир ай мурун сатып ал! Жарандык авиация агенттиги “ички учуулар кымбат” деп нааразыланган жүргүнчүлөргө так ушундай жооп берди. Кыш мезгилине карата, аба аркылуу жүрүү акысы да арзандашы күмөн. Бул жаатта Жогорку Кеңештин депутаты маселе көтөрүп, ага бир дагы жеке компания жооп берген жок. Мындан улам парламентарийлер “ачык асман” долбоорун ишке киргизүүгө кызыктар. Бирок, мында да жарандык авиация агенттиги терс көз карашын билдирди. Алардын айтымында, Кыргызстандын абасын ачууда техникалык талаптарды аткаруу оор болот.