08.12.2018 17:15

Ачкөздүктөн Арстанбаптын жаңгак токойлорунан айрылабыз

Ачкөздүктөн Арстанбаптын жаңгак токойлорунан айрылабыз

Арстанбапты кантип ээн талаага айлантууга мүмкүн? Жоопту Жогорку Кеңештин депутаттары билет.

Төрт жылдан бери Мирлан Бакиров "Дашман" коругун жаратылыш паркына өзгөртүүнү сунуштоодо. Айтымында, мындай демилгени көтөрүүгө жергиликтүү тургундар түрткү болгон. Эл өкүлүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агентствосу да колдоп, аймакты макамынан ажыратуу боюнча токтом коомдук талкууга коюлду.

Бийликтин чечимине экологдор каршы. Алардын баамында. "Дашман" коругун паркка айлантуу менен дүйнөдөгү эң чоң жаңгак токоюн жоготуп алабыз.