14.01.2020 13:20

Арстанбап айылында мигрант мектеп куруп, окуу жайы иштей баштады

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участогуна жеке ишкер жана эмгек мигрантнын аркасы менен эки кабаттуу 180 окуучуга ылайыкташкан мектеп курулду. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысы жазып чыкты.

Маалыматка карганда, 2019-жылдын жай айларында башталган билим уясынын курулушун айыл тургуну жана Орусияда эмгектенген Кубатбек Досматов каржылап, устачылыкка жергиликтүү тургундар тартылган.

"Окуучулар кышкысын бир нече чакырым жол жүрүп, кыйналып сабакка барып келишет. Ата-энелердин суранычы боюнча өз чечимим менен мектептин курулушуна жардам бердим. Мен сыяктуу башка ишкерлерди да келечек муундарга камкордук көрүүгө чакырам", - деди Досматов.

Жаңы мектептин ачылышы 13-январда өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айылдыктар катышты. Беш чакырым аралыктан мектепке жөө каттаган башталгыч класстын 150 окуучусу кийинки жумадан тартып жаңы мектепте окуй башташат.

Жаңы билим уясы Арстанбап орто мектебинин бир бөлүмү катары иштейт. Жарым кылым мурда салынган аталган мектепте 1500гө чукул окуучу үч нөөмөттө билим алышат.

Курулушка эмгек мигранты 6 млн. сомдук, Арстанбап айыл өкмөтү 200 миң сомдук салым кошкон.