14.01.2020 10:15

Адамды сүзүп, жеринен качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте Honda Civic үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кетти. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 11-январда болжол менен 13:00дө, Боронбаев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы К.А. ооруканага кайрылган. Тескөөчүлөр унааны таап, 56 жаштагы айдоочуну кармашты. Сотко чейинки өндүрүш ишетир башталган.