18.12.2019 14:04

Адвокат Нурбек Токтакуновдун дарегине коркутуп-үркүтүүлөр токтой элек

Адвокат Нурбек Токтакуновдун дарегине коркутуп-үркүтүүлөр токтой элек

Жактоочу Нурбек Токтакунов ага карата коркутуп-үркүтүүлөр токтобой жатканын өзүнүн социалдык баракчасында жазып чыкты.

Маалыматка караганда, түрдүү коркутуулар ар башка номурлурдан келип түшүүдө. Телефон чалып өмүрүнө дагы коркунуч келтирген сөздөрдү айтышкан.

 « Алар: “Мунун сага эмне кереги бар. Эс ал, же болбосо сени жайлайбыз. Биз сага эскерттик. Сага митингдердин эмне кереги бар”, деп айтышууда. Эгер мурун адвокат катары четте туруп, байкап келсем, бүгүн биринчи жолу митингке катышып жатам. Анткени менин жумушума байланыштуу бул сымал коркутуп-үркүтүүлөр Акаев, Бакиев, Атамбаевдин маалында болгон эмес. Мындай көрүнүш президент Сооронбай Жээнбековдун маалында биринчи жолу болуп жатат. Бул коррупция мурдатан эле топтолуп келатып, бирок азыр чегине жетти. Азыр коррупция бир өлкөнү жана президентти башкарып калган. Менимче азыр бул көрүнүштү токтотпосо болбой калды, анткени ал жеткен чегине жетти. Ошол себептен бүгүн мен митингке катышуучу катары чыктым”, - дейт Нурбек Токтакунов.

Бүгүн, 18-декабрда Ала-Тоо аянтында #ReАкция2.0 аттуу сөз эркиндигин коргоо максатында митингг уюштурулду.

Эске салсак, бул сымал митинг 25-ноябрда дагы орун алган. Анда #REАкциянын катышуучулары мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун камалышын, ЖМКларга чыккан коррупция боюнча фактылардын ар тараптуу иликтенишин жана мыйзамсыз чыгарылган баардык акча каражаттарын кайрадан Кыргызстанга кайтаруу талаптарын коюшкан.

Митинг тынч өтүп, башаламандыктар байкалган эмес. Акциянын катышуучуларына башында милиция кызматкерлери келишип, бирок юристтердин түшүндүрмөсүн угушкандан кийин кетип калышкан.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.