03.04.2018 17:06

Ак калпакты келеке кылгандарга айып пул төлөтүү сунушталууда

Ак калпакты келеке кылгандарга айып пул төлөтүү сунушталууда

Кыргызстанда 2-апрелде административдик жоопкерчилик туууралуу кодекске өзгөртүү киргизүү  долбоору коомдук талкууга  коюлду.  Бул мыйзам долбоорунда кыргыздын улуттук баш кийими болгон - ак калпакты келеке кылгандарга айып пул төлөтүү сунушталат. 

Эл өкүлдөрү  күнөөлүүлөргө  20 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салып, жазалоону айтышат.  Демилгени ээлери Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен  Бакирдин Субанбеков.

2018- жылы депутаттар улуттук баш кийимге маданий символ статусун берүүнү сунушташкан.  Парламент мүчөлөрү мыйзам долбооруна мамлекеттин биринчи адамдары расмий иш сапар же кабыл алуулар учурунда калпак кийүүгө милдеттүү деп жазышкан. Ошондой эле, чет жактагы мелдештерге барган кыргыз спортсмендери да кийүүгө милдеттүү.  

Бул мыйзам долбоорунун пайда болушуна  мурдараак борбордо өткөн жандыктар үчүн кийимдер көргөзмөсүндө итке калпак кийгизип чыккан учур себеп болгон. Бул көрүнүштү айрым активисттер улутту шылдыңдоо катары баалашып,  иттин ээсин жоопко тартуу, элден кечирим суратуу  сыяктуу чараларды сунушташкан.