15.04.2020 13:32

Акыйкатчы милицияга баш ийбей, сөгүнгөн кыз боюнча үн катты

Акыйкатчы милицияга баш ийбей, сөгүнгөн кыз боюнча үн катты

Бүгүн, 15-апрелде акыйкатчы Токон Мамытов онлайн-конференция уюштуруп, жакындале Бишкек шаарында милиция кызматкерлерине баш ийбей, сөгүнгөн кыздын жоругу боюнча маселеге токтолду.

Кыздын окуясы тууралуу ал сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын белгилеп, чындыкты аныктоого тоскоолдук кылбоого чакырды.

«Келгиле, териштирүүнүн жыйынтыгын күтөлү, чындыкты табууга тоскоолдук кылбайлы. Кыз эмне үчүн андай реакция кылганын билбейбиз. Албетте, андай кылган болбойт. Эмоцияны көзөмөлдөгөнгө аракет кылыш керек. Айрыкча азыркы оор абалда. Жазасын сот чечет», - дейт акыйкатчы.

Бишкекте милиция менен айтышып, сөгүнгөнү Интернетке тараган кыз №1 тергөө абагына 15 суткага камалганын  14-апрелде шаардык комендатура кабарлаган. Бул окуянын видеосу учурда коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат.

Кыздын өзү жана анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек.