18.09.2019 15:53

Акыйкатчы министрликтен Сапар Исаковду текшерүүдөн өткөрүү үчүн комиссия түзүүнү суранды

Акыйкатчы министрликтен Сапар Исаковду текшерүүдөн өткөрүү үчүн комиссия түзүүнү суранды

Акыйкатчы Токон Мамытов Саламаттык сактоо министрлигинен мурунку премьер-министр Сапар Исаковду текшерүүдөн өткөрүү үчүн комиссия түзүүнү суранды. Бул туурасында ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Омбудсмендин докладынан соң депутат Жанар Акаев Мамытов бийликтегилердин гана укугун коргоорун айтып, жемеледи. 

Токон Мамытов кайсы бир кылмышка шектелип, абакта жаткан мурунку аткаминерлер менен далай жолу жолугуп, соттук отурумдарга катышып келатканын билдирди. 

«Тиешелүү материалдар Башкы прокуратура менен Жогорку Сотко жөнөтүлгөн. Сапар Исаков боюнча айтсам, мен Саламаттыкты сактоо министрлигине комиссия түзүп, дарыгерлер Исаковдун ден соолугун текшерип чыгып, керектүү медициналык жардам көрсөтсүн деп кайрылдым», - деди Мамытов.

Белгилей кетсек, ЖЭБ иши боюнча соттук отурум Бишкектин Свердлов райондук сотунда ар бир дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү болуп жатат. Бүгүн Исаковдун жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу кийинки соттук отурум жылдырылып, 23-сентябрь 9:00гө белгиленгенин билдирген.

Эске сала кетсек, 16-августтан-28-августка чейин Сапар Исаков «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз менен Улуттук госпиталда жатып чыккан.  16-сентябрда жактоочусу Замир Жоошев Исаковдун абалы начарлап баратканын, ага тынчтык керек экенин маалымдаган