20.02.2020 14:46

Акыйкатчы Токон Мамытов Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча кабар алууга барбайт

Акыйкатчы Токон Мамытов Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу боюнча кабар алууга барбайт

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевден кабар алууга барбайт. Бул тууралуу ал Vesti.kg басылмасына билдирген.

Анын айтымында, мурунку мамлекет башчынын ден соолугун догдурлар күнү-түнү көзөмөлдөп турат жана УКМКга ишенбөөгө негиз жок.

Эске салсак, күн мурун, 20-февралда Алмазбек Атамбаевдин уулдары атасынын кан басымы кескин төмөндө кеткенин кабарлашкан эле. Маалыматты Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу замир Жоошев ырастаган. Бирок УКМК экс-президенттин ден соолугу канааттандыраарлык, ага дарыгерлер көзөмөл салып жатышканын билдиришкен.

 «Догдурлар убактылуу кармоочу жайда тынымсыз кезектешип, Атамбаевдин ден соолугун көзөмөлдөп турушат. Улуттук коопсуздук кызматына ишенбей коюууга менде негиз жок », - дейт Мамытов.

Сөзүнүн акырында ал көз карандысыз дарыгерлерди тартуу маселесин айыпталуучунун жактоочулары чечиши керектигин белгиледи.