21.02.2020 09:55

Акыйкатчынын аппарат кызматкерлери акыры Алмазбек Атамбаевден кабар алышты

Акыйкатчынын аппарат кызматкерлери акыры Алмазбек Атамбаевден кабар алышты

Күн мурун, 20-февралда акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевден кабар алышты. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 19-февралда Алмазбек Атамбаевдин уулдары атасы инфаркт алуу коркунучу алдында турат деп коңгуроо кагышкан. Анын кан басымы кесикн төмөндөп кеткен. Бул маалыматты экс-президенттин жактоочулары ырасташкан. Бирок УКМК мурунку мамалекет башчынын ден соолугу туруктуу экенин, ага дарыгерлер тынымсыз көзөмөл салып турушканын айткан.

Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган экс-президенттен кабар алууга барбай тургандыгын билдирген. Ал мурунку мамлекет башчыга дарыгерлер тез-тез көзөмөл салып жатканын жүйөө келтирип, УКМКга ишенбей коюууга негиз жок экенин айткан эле.

Бирок көп өтпөй омбудсмендин аппаратынын кызматкерлери акыры Алмазбек Атамбаевден кабар алышкан. Алардын маалыматы боюнча УКМКдагы кармоо шарттарына Атамбаев нааразычылыгын билдирген эмес.

Өзүнүн ден соолугу тууралуу экс-президент төмөндөчө айтып берген: «Акыркы убактарда кан басымым тез-тез төмөндөп жатат, андыктан дарыгерлерге кайрылууга арагсызмын».

Сүйлөшүү маалында ортого башка дагы маселелер салынган. Алар боюнча акыйкатчынын аппараты тиешелүү иштерди жүргүзөт. Бирок кандай маселелер боюнча сөз болуп жатат, такташкан эмес.