04.07.2018 08:30

«Ак-Ордо» жаңы конушунда катуу шамал 5 үйдүн чатырын учуруп кетти

«Ак-Ордо» жаңы конушунда катуу шамал 5 үйдүн чатырын учуруп кетти

Бишкек шаарындагы «Ак-Ордо» жаңы конушунда катуу шамал 5 үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алдын-ала маалымат боюнча, окуя кечээ кечки саат 18:30 чамасында болгон. Ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жеткен шамал жаңы конуштун Жумабек жана Алп-Ордо көчөлөрүндө жайгашкан 5 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.

«Жеринде маалыматты тактоо үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн  офицери чыгып кеткен. Кошумча маалымат берилет», -деп жазылат маалыматта.